ММК биз жөнүндө

Азат Исакунов: Стартаптарга 1 миллион доллар! Көздөгөнүбүз – мамлекеттин ийгиликтүү өнүгүшүнө салым кошуу

Жеке ишкер, меценат Азат Исакунов “Жашоо булагы – инвест” инвестициялык программасынын алкагында, “Стартаптарга миллион доллар” аталышындагы өлкө ичиндеги ири долбоорун жарыялайт. Долбоордо уникалдуу, инновациялык, жаратман, перспективдүү стартаптар жана бизнес-идеялар колдоого алынат.

Алгачкы этаптагы стартаптарды каржылоого жалпы суммасы 1 миллион АКШ доллары бөлүнөт. Бир стартап долбоор үчүн – анын креативдүүлүгүнө, жаңылыгына, жана перспективдүүлүгүнө карата орто эсеп менен 100 миң доллардын айланасында каражат бөлүнөт. Долбоордун шарты боюнча: эгерде бизнес-проект өзүнүн уникалдуулугу жана эксклюзивдүүлүгү менен айырмаланса, ага көрсөтүлгөн каражаттан жогору да бөлүнүшү мүмкүн.


https://www.super.kg/kabar/news/292907/