photo_2020-06-09_13-42-56

Исакунов Азат Мелисович

“Жашоо булагы” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана төрагасы,
“Жашоо булагы инвест” ЖЧКнын инвестициялык программасынын алкагындагы “Стартаптарга миллион доллар” долбоорунун негиздөөчүсү.

1977 жылдын 20-октябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Жеке ишкер, меценат. Өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармагында ири бизнес долбоорлорду ишке киргизген. Көптөгөн коомдук жана кайрымдуулук иштерине жигердүү катышып келет. Муктаждарга колдоо көрсөтүп, балдар үйлөрүнө, ата-мекендик согуштун ардагерлерине, мүмкүнчүлүктөрү чектелген оорулууларга, реабилитациялык (ден соолукту калыптандыруучу) борборлорго жана калктын аярлуу катмарына кирген аз камсыздарга, ошондой эле региондордогу социалдык инфраструктуранын жана экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган  өзөктүү социалдык долбоорлорго жеке салымын кошуп келет. 

2011-жылы «Вулкан плюс» компаниясын негиздеп, темир өнөр жай тармагында эмгектенет. Компания бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 100 алдыңкы ишканалардын арасына кирет.

Иш тажрыйбасы

1998-2003 жж.:      Банк тармагында иштеген: каржы суроолору боюнча консультант, алдыңкы адис;

с 2003 -жылдан баштап :  Жеке ишкер, бир катар ири ишканаларды негиздеген.

В 2011 ж. баштап :        «Вулкан Плюс» ишканасын негиздеген.

Билген тилдери:Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт;

Кошумча маалымат:  1994-жылы М. Горький атындагы орто мектебин аяктаган. (Бөкөнбаев айылы, Ысык-Көл обл., Кыргыз Республикасы);

Билими:                 Жогорку: 1998-жылы Менеджмент, бизнес жана туризм институтун аяктаган (Бишкек ш.)

Адистиги: банктык менеджмент

Москва эл аралык университети (Москва ш.),
экономика бөлүмү

Үй-бүлөлүк абалы:     Никеси бар, 3 баланын атасы.